Бүгүн, 1-ноябрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Айтмамат Назаров Кыргыз авиациясы оор абалга келгенин айтып чыкты.
“Бүгүнкү авиациянын, авиапарктын абалы абдан оор. Бүгүнкү күндө учактар жок. Учурда 23 компания тейлеп жатса, алардын 7 эле учагы бар экен, анын экөөсү да оңдоодо. Билеттердин баасы 4 миңге чыкты, бирок коопсуздук маселеси ошол бойдон калууда. 20 миллион долларга 4-5 жолу колдонулган учак сатып алууга болорун айтып жатышат, учактар менен камсыздоону колго алышыбыз керек”, — деди эл өкүлү.
Учурда ЖКда окуу жайларынын имараттарын куруу маселесине арналган «Өкмөттүк саат» болуп жатат.