Кенжебек Бокоев: Депутаттар мыйзам чыгаруу үчүн эле келген эмес

Автор -

Мыйзамдар аткарылбай жатат. Жогорку Кеӊештин депутаттары мыйзам чыгаруу үчүн эле келген эмес, анын кабыл алынган мыйзамдардын аткарылышына көзөмөл кылуу милдети да бар. Ошондуктан, жалаӊ мыйзам долбоорлорун карап отура бербей, ар жыйын сайын жок дегенде бирден мыйзамдын аткарылышын карашыбыз керек. Бул тууралуу депутат Кенжебек Бокоев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Мыйзамдардын кандай абалда экенине өткөн жыйында күбө болдук. Анысы аз келгенсип, ошол мыйзамдар да өз деӊгээлинде аткарылбай жатпайбы. Электр энергиясы, жергиликтүү бийликке убактылуу ыйгарылып берилген иш-милдеттер сыяктуу мыйзамдардын аткарылышы боюнча парламенттик угуулар өткөн, алар парламентте талкууланышы керек болчу, эмдигиче карала элек», — деди эл өкүлү.

Бөлүшүү