Самарканд облусунун Ургут районунда наабайчыны сабаган милициянын лейтенанты ички иштер органдарынан кетирилип, анын аракеттери боюнча тергөө иштери башталды.
Ургун райондук ички иштер бөлүмүнөн билдиришкендей, окуя бир жума мурда «Гус» айылында болгон.
Айылдагы активисттердин бири «Азаттыктын» өзбек кызматына алты мүнөттүк видео жөнөттү. Анда эки милиция кызматкери жергиликтүү тургундардын курчоосунда наабайканага кирип барган учуру тартылган.
Алардын бири 30 жаштагы наабайчыны нан жасаган жерде бузуку иштерди жасоого айыптап, уруп жана тепкилеген.
Күбөлөрдүн айтымдарында, наабайчы менен жанындагы кыз тергөө абагына жеткирилип, эртеси эртең менен бошотулган.
РИИБ жетекчилеринин бири кармалгандардын аракетинде кылмыштын белгилери болбогонун айтты.
«Милиция кызматкери кызмат абалын кыянат пайдалангандыгы үчүн жазаланды. Мындан ары мындай окуялардын болушуна жол бербөө максатында учурда жеке курамдын ичинде түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө», — деди ал.