Asian World Film Festival: Актер Акылбек Абдыкалыков мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болду (Видео)

Автор -

Лос-Анджелесте өткөн Эл аралык кинофестивалда Акылбек Абдыкалыков эӊ мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болду. Бул тууралуу аталган кинофестивалда калыстар тобунун мүчөсү Дальмира Тилепбергенова билдирди.

Кыргыз эл артисти Акылбек Абдыкалыков режиссер Темир Бирназаровдун «Түнкү кырсык» тасмасында башкы каарманды ойногон.

На данном изображении может находиться: один или несколько человек и текст

Фильмде жалгыз бой, учурда сүйүүнү башынан өткөрүп жаткан карыя тууралуу баяндалат. Ал кызга ашык болуп калат. Тасманын жүрүшү дал ушул сезимди ачып берүүгө арналган.

Белгилей кетсек, тасма Таллин шаарында өткөн эл аралык «Темные ночи» кинофестивалында баш байге катары 10 миң евро алган.

Ошондой эле, Кытайдын Циндао шаарында Эл аралык кинофестивалда актер Акылбек Абдыкалыков эӊ мыкты эркек оюнчу сыйлыгына ээ болгон. 

Asian World Film Festival кинофестивалы 2015-жылы ЖКнын депутаты жана кинорежиссер Садык Шер-Нияздын демилгеси менен уюштурулуп башталган.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү