Жогорку Кеңештин депутаты жана мурунку биринчи вице-премьер-министр Аскарбек Шадиевдин иши 2018-жылдын 20-октябрында Бишкектеги Биринчи май райондук сотуна өткөрүлдү. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкектин Биринчи май райондук соту бул ишти айыпталуучунун катышуусу жок карайт.
Белгилей кетсек, 28-апрелде кылмыш иши козголгондон кийин, Шадиев Худжант-Москва (Домодедово) каттамы боюнча учуп кеткен. Жергиликтүү убакыт боюнча саат 18:20да Кыргызстандын дипломаттык паспортун колдонуп Нью-Йоркко (АКШ) учкан.
31-майда Ч.Айтматов атындагы сыйлыкты ыйгаруу үчүн бөлүнгөн 30 миң доллар бюджеттик каражатты ээлеп алуу факты боюнча “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу» беренесинин негизинде депутат Шадиевге сыртынан айып тагылган.
Ошол эле күнү Бишкек шаардык Биринчи май райондук сотунун чечими менен ага карата баш коргоо чарасы каралып, камакка алуу чечимин чыгарган.