Маданият кызматкерлери спортто күч сынашты

Автор -

Кечээ, маданият кызматкерлеринин күнүндө маданият өкүлдөрү Кыргыз Республикасынын Волейбол федерациясы (КРВФ) менен биргеликте өнөрпоздор арасында (ART liga) волейбол боюнча турнир өткөрүштү. Бул туурасында КР Эл аралык “Нурборбор” чыгармачылык академиясынын президенти Н.Маамытбаев маалымдады.

Турнирге акындар, ырчылар, музыканттар, төкмө акындар, жана тамадалар болуп жалпысынан жети команда катышты. Оюндун жыйынтыгында акындар 1-орунду, ырчылар 2-орунду, ал эми музыканттар 3-орунду камсыздашты.

Эске сала кетсек өнөрпоздор арасында өткөрүлүп жаткан лига экинчи ирет ырчылар тарабынан уюштурулуп өткөрүлүп жатат. Алгачкы жолу ушул жылдын жаз айында акындар уюштурган эле. Турнирдин өтмө кубогу (эстафета) төкмө акындарга өткөрүлүп берилди.

 

Бөлүшүү