Жалал-Абадда ден соолукту чыңдоочу спорт комплекси ачылды

Автор -

Кечээ, 2-ноябрда Төрага Дастанбек Жумабеков баштаган Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттары Жалал-Абад шаарындагы ден соолуктуу чыӊдоочу спорт комплексинин ачылышына катышты.

Жалпы аянты 2,5 миӊ чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат «Газпром-Балдарга» программасынын алкагында курулган Кыргызстандагы тогузунчу спорт комплекси болуп эсептелет. Буга чейин өлкө боюнча ушундай  сегиз жай курулган. Баардык комплекстер спорттун көп түрү боюнча машыгууга жана таймаш өткөрүүгө ылайыкташтырылып, керектүү заманбап жабдуулар менен камсыздалган.

Ачылышында сөз сүйлөгөн Төрага Дастанбек Жумабеков  мамлекеттин саламаттыгы, жарандардын ден-соолугуна көрүлгөн камкордукка көз каранды экенин белгилеп:

«Өсүп келе жаткан жаш муундардын саламаттыгын чыңдоону, өлкөнүн жаркын келечегин камсыздоо аракети катары караганыбыз оң. Себеби, жаштар — биздин келечек. Ден-соолугу чың адам гана өсүп-өнүп, ийгиликтерди багынта алат», — деди.

Ошону менен катар, Жалал-Абад облусунан чыккан Раатбек Санатбаев, Эрбол Бакиров өӊдүү кыргыз спортунун мыктылары тууралуу сөз кылган Төрага: «Бүгүн ачылып жаткан денсоолуктуу чыңдоочу спорт комплексинен да облустун эле эмес, жалпы республиканын намысын коргогон, желегебизди эл аралык таймаштарда бийикте желбиреткен уул-кыздар чыгат деген үмүттөмүн. Бул жай бардык керектүү жабдуулар менен камсыздалган экен. Жаш спортчуларыбыз тынымсыз аракет жана талыкпаган эмгек менен түзүлгөн мүмкүнчүлүктү толук пайдалануусу шарт», — деп кошумчалады.

Ошондой эле жаӊы спорт комплекси Жалал-Абад шаарынын калкына берилген чоӊ белек экенин айткан Жогорку Кеӊештин Төрагасы көрсөткөн көмөгү үчүн «Газпром-Кыргызстан» жетекчилигине ыраазычылык билдирди.

Андан тышкары, Президент тарабынан демилгеленген Аймактарды өнүктүрүү жылында жасалып жаткан иштерге токтолгон Төрага Дастанбек Жумабеков: «Мамлекетибиздин башкы максаты калктын социалдык-экономикалык абалын чыӊдоо менен татыктуу жашоону камсыз кылуу. Андыктан, ишке ашырылып жаткан бардык долбоорлорду ийгиликтүү улантып, биргеликте аракет кылуубуз кажет» — деди.

Белгилей кетсек, спорт комплексинин ачылышына Жогорку Кеӊештин төрагасынын орун басары Мирлан Бакиров, депутаттар Айнура Осмонова, Максатбек Эгембердиев, Азизбек Турсунбаев, Таалайбек Масабиров, вице-премьер-министр Замирбек Аскаров баштаган жергиликтүү бийлик жетекчилери жана «Газпром Кыргызстан» ЖЧКсынын башкы директору Болот Абилдаев катышты.

Бөлүшүү