Абылгазиев: Өткөн 9 айда экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүш камсыздалды

Автор -

Экономиканын реалдуу секторун өнүктүрүү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн бизнес жүргүзүү үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү багытын айкын көрсөтөт. Бул тууралуу бүгүн Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн үстүбүздөгү жылдын январь-сентябрь айларында социалдык-экономикалык өнүктүрүүнүн жыйынтыктары каралган жыйынында Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.

Өз сөзүндө Өкмөт башчы белгилегендей, өткөн 9 айдын жыйынтыгы боюнча реалдуу экономиканын дээрлик бардык тармактарында өсүш камсыздалган.

«Өзгөчө көңүл чакан жана орто бизнести өнүктүрүүгө, жумушчу орундарын түзүүгө жана атамекендик өнөр жайды өнүктүрүүгө бөлүндү», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Премьер-министр Чүй облусунда индустриалдык-логистикалык парктын курулушунун башталын мисал келтирди, ал 35 миңден ашык адамдарды жумуш орундары менен камсыздайт, Ош облусунда кубаттуулугу жылына 1 млн тонна цемент заводу, Чүй облусунун Сокулук районундагы бут кийим фабрикасы жана башкалар. Жыл аягына чейин «Кыргыз текстиль», Кичи-Чараат, «ТМАЙ-инвестмент холдинг» сыяктуу бир катар ишканалар ишке киргизилет.

«Чакан жана орто бизнести өнүктүрүү үчүн шарттарды түзүү – Өкмөттүн ишмердигин башкы багыттарынын бири. Кыргыз Республиксы 70-орунга көтөрүлүп, Doing Business рейтингинде өз көрсөткүчтөрүн жакшыртты, бул дагы өлкөдө бизнес-климаттын жакшырганын ырастайт. Биз төмөнкү багыттарда реформаларды жүргүздүк: төлөөгө жөндөмсүздүктү чечүү, миноритардык инвесторлорду коргоо, ЕАЭБ алкагында экспорттук операцияларды жөнөкөйлөтүү, анын ичинде бажылык тариздөө жана башкалар. Ошондой эле Кыргызстан Атаандаштыкка жөндөмдүүлүк глобалдык индексинде позициясын жакшыртып, 97-орундан 102-орунга чыкты. Бул өлкөдө бизнес-климатты жакшыртуу боюнча Өкмөт тарабынан көрүлгөн чараларга бизнестин ишеним деңгээли жогорулаганы тууралуу айтып турат», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Өкмөт башчы өнөр жай экономиканын бюджет түзүүчү негизги тармагы экендигин баса белгилеп, өнөр жайды өнүктүрүү боюнча ишти мындан ары карай активдештирүүнү талап кылды. Атап айтканда, Премьер-министр учурда токтоп турган 50 жакын ири ишкананы ишке киргизүү боюнча комплекстүү иш алып баруу зарылдыгына өзгөчө көңүл бурду. Премьер-министр ошондой эле Макмал кениндеги өндүрүштү жандандырууну, ошондой эле Кадамжай сурьма комбинатындагы кичи-заводду ишке берүүнү тездетүүнү тапшырды.

«Отчеттук мезгилде курулуш тармагында 7,2%дык жогорку өсүш катталган, бирок мында курулган обьектилерди кабыл алуу-тапшырууну тариздөө процессинин жыйынтыкталбагандыгына байланыштуу көптөгөн көйгөйлөр болууда. Ошондой эле жүргүзүлүп жаткан курулуш иштеринин сапатына өзгөчө көңүл буруу зарыл», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Мындан тышкары, Премьер-министр тышкы көмөктү координациялоо жана бул максатта өз алдынча структура түзүү боюнча ырааттуу жана натыйжалуу ишти жүргүзүү зарылдыгын, ошондой эле инвестицияларды тартуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

«Бизнестин, ишкерлердин укугун жана алардын кызыкчылыктарын коргой турган Бизнес-омбудсмен институтун ишке киргизүүнү тездетүү керек. Биз бул институтту куру жерден түзүп жатканыбыз жок. Ал натыйжалуу иш алып барышы керек. Буга катар салык тутумун фискалдаштыруу жана башкаруу боюнча активдүү ишти улантуу зарыл», – деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Бөлүшүү