Лейлекте айылдык кеңештин төрагасын белгисиз адам атып кетти

Автор -

Баткендин Лейлек районундагы Жаңы-Жер айылдык кеңешинин төрагасын белгисиз адам артынан келип атып кетти. Окуя 5-ноябрда түндө болгонун, жарадар болгон жаран Арка-2 айылынын 32 жаштагы тургуну экенин «Азаттыкка» облустук милициянын басма сөз катчысы Дамира Юсупова билдирди.

Ал дароо Тажикстандын Гафуров шаарындагы ооруканада жаткырылган. Абалы орто.

Окуя жабырлануучунун үйүнүн алдында болгон. Аткан адам изин жашырганга үлгүргөн.

Факт боюнча Лейлек райондук Ички иштер бөлүмү кылмыш ишин козгоп, тергөө башталды. Окуянын чоо-жайы белгисиз.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү