Ошто “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди

Автор -
489

Бүгүн, 6-ноябрда Ош шаарында “Тарых жана ата-бабаларды эскерүү” күнү белгиленди. Анын негизинде, Оштогу көрүнүктүү коомдук жана мамлекеттик ишмерлердин эстеликтерине гүл чамбарлар коюлуп, эскерилди.

Ош шаарынын биринчи вице-мэри Саибжан Турдуев, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапарбек Ормонов, Өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Байыш Юсупов, коомдук жана мамлекеттик ишмерлер “Түбөлүк от” мемориалдык комплексине гүл чамбарларды коюп, ата-бабаларга куран окушту.

Ошондой эле, Ош шаарынын вице-мэрлери, мэриянын өкүлдөрү, шаардык мекеме ишканалардын жетекчилери Султан Ибраимов, Абдыкадыр Орозбеков, Исхак Раззаков, Алымбек Датка, Курманжан Датка, Исакбек Монуев жана Апсамат Масалиевдин эстеликтерине гүл чамбарларды коюп, эскеришти.

Бөлүшүү