Өзбекстан премьер-министринин мурдагы орун басары Зойир Мирзаев Жизак облусунун Шароф Рашидов районунун акими болуп дайындалды.
Зойир Мирзаев 29-октябрда Ташкент облусунун Аккурган жана Бекабад райондорундагы жаңжалдан кийин вице-премьер-министр кызматынан бошотулган.
Аккурган районунда Мирзаев буудай талаалары сугарылбаганы үчүн фермерлерди арыктагы сууга салса, Бекабад районунда ал жергиликтүү аткаминерлердин колдоруна чоң топурактарды көтөртүп жазалаган. Бул окуялардан кийин вице-премьер-министр өзүм билемдикке айыпталып, жумуштан айдалган.