Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган төрт балага Кореяда акысыз операция жасалат

Автор -

Тубаса жүрөк кемтиги менен жабыркаган төрт кыргызстандыкка Түштүк Кореяда акысыз операция жасалат. Бул тууралуу Кызыл жарым ай коомунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, дарылануу «Гиль» клиникасында Кызыл жарым ай коому менен болгон эки тараптуу келишимдин алкагында жүргүзүлөт. Талас, Ош облустарынан жана Бишкек шаарынан 2-4 жаштагы төрт бала 13-ноябрда Кореяга учуп кетишкен.

Балдарды дарылоо, медициналык кызмат көрсөтүү, транспорт жана бардык чыгымдарды медициналык борбор өз мойнуна алат.

Бөлүшүү