Бишкекте троллейбустар саат 22:00гө чейин иштейт

Автор -

Бишкек шаарында троллейбустар мындан ары саат 22:00гө чейин иштейт. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, аба ырайынын суук болгонунан улам жана тургундарга ыңгайлуулук жаратуу максатында мындан ары троллейбустар саат 22:00гө чейин иштейт.

Белгилей кетсек, учурда Бишкекте абанын температурасы түнкүсүн -12…-14, күндүз 0…-2. болуп жатат. Ал эми эртеӊ, 15-ноябрда түнкүсүн жаан-чачын күтүлбөйт, күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын тоолуу райондорунда, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарында кар жаайт.

 

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү