Казакстандан Орусияга күйүүчү май ташылып кетүүдө

Автор -

Казакстандын дизель майы менен бензини оор жүк ташуу унаалары менен Орусияга чыгарылып кетүүдө. Бул тууралуу 15-ноябрда өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев маалымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, күйүүчү майдын жетишсиздигин алдын алыш үчүн чек араны көзөмөлдөө зарыл.

«Орусия менен чектешкен аймактарда дизель майы менен бензинге болгон суроо-талап кескин жогорулады. Үч миллион киши жашаган Түркстан жана Шымкент облустарына караганда, 700-800 миң киши жашаган Батыш-Казакстан жана Костонай облустарында керектөө кыйла жогору. Бул деген күйүүчү май Орусия базарына чыгарылып кетип жатат дегенди билдирет», — деди Бозумбаев.

Министрдин айтымында, буга байланыштуу мекеме маселени чечүүнүн бир канча жолун караштырууда.

«Биринчи варианты бул Казакстанда калыптанып калган бааларды кармануу. Бирок анда Орусияда баалар мындан дагы жогоруласа, бизде таңкыстык жаралып, бардык күйүүчү май ташылып кетиши мүмкүн. Ошондуктан биз чек арабызды көзөмөлдөшүбүз керек. Бизде башка жол жок. Экинчи вариант бааларды Орусиядагыдай деңгээлге жеткирүү. Бирок бул фантастика. Ошентсе да биз бул вариантты жокко чыгарган жокпуз. Мындай болгондо өкмөт керектөөчүлөргө акчалай жардам берүү боюнча кандайдыр бир чараларды көрүшү керек болот», — деди министр.

Министрликтин бул сунуштары жума күнү өкмөттүн жыйынында талкууланат.

Бөлүшүү