Өлтүрүлгөн прокурорунун үй-бүлөсүнө кесиптештери 800 миң сом берет

Автор -

Баткен облусунун өлтүрүлгөн прокурорунун үй-бүлөсүнө маркумдун кесиптештери 800 миң сом берет. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Өлтурүлгөн Анарбай Мамажакыпов бүгүн жерге берилет. Окуянын чоо-жайын териштирүү үчүн баш прокурор ушул тапта Баткенде жүрөт.

Маалыматка ылайык,анын денесинде октон жана бычактан ар кандай залакалар келтирилгендиги аныкталган. Аталган фактыны өзгөчө оор кылмыш катары бааласа болот.

Белгилей кетсек, Анарбай Мамажакыповдун өлүмүнө өлүмүнө шектүү катары мэриянын кызматкери кармалган. 

Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат. КРнын Кылмыш-жаза кодексинин адам өлтүрүү беренеси боюнча кылмыш иши козголду.

Бөлүшүү