Түркия Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары үчүн визасыз мөөнөттү 90 күнгө көбөйттү

Автор -

Түркия Казакстан, Өзбекстан жана Тажикстан жарандарына өлкөдө 90 күнгө чейин визасыз жүрүү мүмкүнчүлүгү бериле турганын билдирди. Буга чейин бул мөөнөт 30 күндү түзгөн.

​Ушул жылдын ноябрь айына карата Түркияда расмий түрдө 787 миңден ашык чет өлкөлүк катталган. Алардын 383ү кыска мөөнөттүү туристтик виза боюнча иштесе, эмгек визасын колдонгон мигранттарын саны 56 миңге жакын.

Өлкөнүн Ички иштер министрлигинин маалыматына караганда, Түркиядагы мигранттардын саны боюнча Борбор Азия өлкөлөрүнүн ичинен Түркмөнстан менен Өзбекстан алдыда. Быйыл Түркияда 20 миңден ашык кыргыз жараны каттоодон өткөн. Аладын тогуз миңи гана эмгек визасы менен иштейт.

Бөлүшүү