Орусияда Казакстан жана Өзбекстан жарандары бараткан автобус поезд менен кагылышты

Автор -

Орусиянын Саратов облусунда казакстандык жанан өзбекстандык жарандар бараткан автобус поезд менен кагылышты. Бул тууралуу казакстандык ММКлар кабарлоодо.

Казакстан Тышкы иштер министрлиги билдиргендей, авариядан айдоочу менен анын жардамчысы аман калган, экөө тең Казакстан жарандары. Алардын абалы оор.

Автобуста беш жүргүнчү – Өзбекстан жарандары болгон. Маалыматтар боюнча алардын баары мерт болду.

Жол кырсыгы 17-ноябрда Озинск районунда катталган. Саратовдон Оролго бараткан автобус темир жол өтмөгүндө поезд менен кагылышкан.

Бөлүшүү