Ош шаарында атайын кызматтын 49 кызматкерине батирлердин ачкычы тапшырылды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Кызматкерлерге үйдүн ачкычтарын Коргоо кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев тапшырды.
Маалыматка караганда, Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында УКМК кызматкерлерине берилетурган батирдин курулушу аяктап калган.