«Өзбекконцерт» сакалчан ырчыга лицензия бербей жатат

Автор -

Ырчы жана композитор Санжар Жавбердиев өзбек басылмаларына маек куруп, “Өзбекконцерт” мамлекеттик мекемеси лицензия үчүн сакалын алууну талап кылып жатканын билдирди:

– Лицензия алуу үчүн эки ай мурун керектүү кагаздарды таштап кеткем. Алар концерттик директорума сакалы жок сүрөтүмдү алып келүүнү айтышыптыр. Андан соң өзүм келдим, алар документтеримди кабыл алып, бирок “баары бир сакал менен өткөрбөйт болуш керек” дешти. Эки айдан бери так жооп берише элек. Акыркы жолу Фурхат Шавазов (концерттик ишмердүүлүккө лицензия берүү башкармалыгынын директору – Ред) менен жолуккам, ал сакалчан келсем, өткөрбөй турганын айткан.

Композитор ырларын телеканалдарга эмес радиолорго берүү үчүн гана лицензия алууну каалаганын, ага карабай суроосу оорундалбай жатканын кошумчалады:

– Мындан соң баарына кол шилтедим жана интернетте иштөөнү чечтим, андан башка эмне кылышым керек?

“Өзбекконцерттин” директору Одилжон Абдукахоров лицензия берүү маселесин Улуттук эстрадалык искусстовону координациялоо жана өнүктүрү кеңешинин алдындагы атайын топ чечерин айтты:

– Топ белгилүү Эл артисттеринен жана заманбап ырчылардан куралган, 15 кишиден турат. Атайын критерийлер бар: алар үндү, ырды, текстти жана талантты текшерет. Ошол талаптын негизинде чечим чыгарышат.

“Өзбекконцерттин” башчысы Санжар Жавбердиев топтун кийинки жыйынына чакырылганын айтып, сакалчан келсе боло турганын белгиледи.

Ырчы Санжар Жавбердиев бул маселеге көңүл бөлүүнү өтүнүп, өлкө президенти Шавкат Мирзиёевге кайрылды. 40 жаштагы Жавбердиев орус, өзбек, тажик жана башка тилдерде ырдайт. Көп жылдар бою Орусияда жашаган, 2010-жылы Чечен Республикасынын Эл артисти наамын алган. Эки жыл мурун Өзбекстанга келген. Анын акыркы “Карвон курдим” чыгармасы интернетте дароо популярдуу болду, бирок телеканалдар жана радиолор ырчынын лицензиясы жок болгондуктан, чыгармаларын колдоно алышпайт.

Бөлүшүү