Абылгазиев «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти менен жолугушту

Автор -

Мухаммедкалый Абылгазиев өлкөгө Өкмөт башчынын чакыруусу менен келген «Centerra Gold Inc.» компаниясынын президенти жана аткаруучу директору Скотт Перри менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Centerra Gold Inc.» компаниясынын ишмердүүлүгүнүн актуалдуу маселелери, биринчи кезекте, кенде жүргүзүлгөн геологиялык иликтөө иштеринин оңдуу жыйынтыктарын эске алуу менен, Кумтөр кенине тийиштүү маселелер талкууланды.

Өкмөт башчыга маалымдалгандай, компания кыргыз тараптын өтүнүчү боюнча үстүбүздөгү жылы Кумтөр кенинде 15,5 тоннадан кем эмес алтын өндүрүүнү пландаштырууда, бул болжолдуу көрсөкүчтөрдөн жогору болуп саналат, ошондой эле ишкананын иш натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча аракеттерди активдештирүүнү улантуу жана келерки 2019-жылы өндүрүштү жогорулатууга жетишүү көздөөлүүдө. Мындан тышкары, компания тарабынан ишкананын өндүрүштүк кубаттуулугун жогорулатуу үчүн алдыдагы капиталдык салымдар боюнча кошумча сунуштар иштелип чыгууда.

Мында «Centerra Gold Inc.» компаниясы тараптан эки жылдык геологиялык иликтөө иштеринин программасын каржылоо жөнүндө чечим кабыл алынган. Аталган программаны ишке ашыруудан күтүлүп жаткан жыйынтыктар тастыкталган кезде Кумтөр кенин эксплуатациялоо мөөнөтүн бир нече жылга узартуу үчүн бардык шарттар түзүлөт.

Мындан тышкары Скотт Перри Премьер-министрге маалымдагандай, акыркы бир нече жылдын ичинде эл аралык, анын ичинде кытай компаниялары «Centerra Gold Inc.» инвестиция салууга же сатып алууга кызыкдарлык билдиришкен. Бирок, азыркы тапта компания кандайдыр бир расмий сунуштарды алган эмес.

«Кайсы бир сунуш финансылык пайдалуу катары каралган шартта «Centerra Gold Inc.» милдеттүү түрдө ири акционер – Кыргызстандын Өкмөтүнө келишимге кызыкдарлыкты баалоо тууралуу кайрылат. «Centerra Gold Inc.» менен байланыштуу кандайдыр бир келишим боюнча акыркы чечим компаниянын акционерлери тарабынан кабыл алынат», – деди Скотт Перри.

Ошондой эле Стратегиялык келишимдин күчүнө кирүүсү боюнча кошумча шарттар талкууланды, анда экологиялык төлөмдөрдүн көбөйүүсү жана аймактарды өнүктүрүү боюнча социалдык өнөктөштүк фондун түзүү каралган.

Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, биргелешкен чечимдерди кабыл алуунун бардык процесстеринин транспаренттүүлүгүн камсыздоо маанилүү, ошондой эле ал алтын кен ишканасында экологиялык ченемдерди сактоону жакшыртуу боюнча күч-аракеттерди активдештирүү зарылдыгына басым жасады.

Бөлүшүү