Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен кармалды

Автор -

Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен Кыргызстандын чегарасынан кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чегара кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 21-июнда «Акжол» чегара пуктунан Өзбекстандын жараны жасалма паспорт менен кармалган.

Чегарадагы текшерүү учурунда жаш жигит 1992-жылы туулгандыгын тастыктаган Кыргызстандын паспортун көрсөткөн. Бирок ал паспорт жасалма болуп чыккан.

Кармалган жаран, 1993-жылы туулган Ж.Х. атуу Өзбекстандын атуулу экенин моюндаган.

Документтер толтурулуп кармалган жаран УКМКнын аймактык бөлүмүнө өткөрүлүп берилди.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү