Бишкек шаарынын айрым аймактарында 3 күн жаратылыш газы жок болот

Автор -

Бишкек шаарынын айрым аймактарында газ колдонуучуларды үзгүлтүксүз жаратылыш газы менен камсыз кылуу максатында 3 күн газ жок болот. Бул тууралуу «Газпром Кыргызстан» ишканасынын басма сөз кызматы билдирет.

Жаратылыш газы төмөнкү даректерде өчүрүлөт:

— 26-27-ноябрь күндөрү Беларусский көчөсү, Соң-Көл чакан көчөсү;

— 27-28-ноябрда Т. Молдо, Ташкентский, Манас, Кудрука көчөлөрүнүн кесилишкен аймагында.