Орусиянын Амур облусунун Свободненск районунда казак-кыргыздардан турган жумушчу топтун ортосунда массалык жаңжал чыкты. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, окуя 22-ноябрда кечке маал болгон. Эки топтун массалык мушташына пикир келишпестиктер себеп болгон.
Мушташтын кесепетинен 18 жаштагы бир адам оор абалда жандандыруу бөлүмүнө түшкөн.
Аталган кылмышка шектүү катары 22 жаштагы жумушчу кармалып, убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Ошондой эле ишкананын 19 жаштагы кызматкери жаракат алган. Учурда териштирүү иштери жүрүп, тергөө амалдары уланууда.