Курултай делегаттары Алмазбек Атамбаевге кылмыш ишин ачтырууга ниеттенишүүдө

Автор -
Сүрөт: president.kg

 

Бишкекте өткөн оппозициянын курултайында делегаттар экс-президент Алмазбек Атамбаевге карата «бийликти узурпациялап, бир колго топтогон» деген терс баа беришти. Бул тууралуу алар бүгүн өткөн басма сөз жыйынында билдиришти.

Курултай катышуучулары иш-чарада кабыл алынган резолюциянын бардык пункттарын аткарууга ниеттенип жатканын айтышты. Анын ичинде Алмазбек Атамбаевге карата кылмыш ишин козгоо боюнча Башкы прокуратурага кайрылуу, парламенттен мурдагы мамлекеттик башчыны кол тийбестик укуктан ажыратуу талаптары бар.

Коомдук ишмер Эмилбек Каптагаев азыркы президент Сооронбай Жээнбековго башкаруунун талкаланган системасы калды деп эсептейт. Ошол эле маалда курултай катышуучулары КСДПнын мураскорунун ишмердүүлүгүн канааттандырарлык деп баалашты.

“Бирок биз Сооронбай Жээнбековдун ажыдаарга айланып кетишине жол бербешибиз керек”,- деди Каптагаев.

Басма сөз жыйындын катышуучулары курултай өз максатына жетти деп эсептешет. Экинчи форумду алар 2019-жылдын апрель айында өткөрүүнү пландашууда. Бишкекте 24-ноябрда “Кыргызстан: кечээ, бүгүн жана эртең” деген курултай өткөн. Аны саясий-коомдук уюмдар уюштурган.

Курултайдын резолюциясында саясий туткундардын ишин кайра кароо жана Конституциянын жаңы редакциясын кабыл алуу демилгеси да көтөрүлгөн. Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышынын ишмердүүлүгүнө терс баа берилген.

Алмазбек Атамбаев өлкөнү 2011-2017-жылдары башкарган.

Бөлүшүү