Муфтий Максатбек Токтомушев Орусиядагы кыргыз мигранттары менен жолугат

Автор -
306

Муфтий Максатбек Токтомушев Орусиядагы иш сапарынын алкагында кыргыз мигранттары менен жолугат. Бул тууралуу Кыргыз мусулмандар дин башкармалыгынын маалымат кызматы кабарлады.

Муфтий 27-29-ноябрь күндөрү Орусиядагы мигранттар менен жолугат. Бул күндөр аралыгында муфтий Якутск, Чита, Иркутск шаарларындагы мекендештер менен кезигет. Жолугушуу муфтияттын Урал, Сибирь жана Ыраакы Чыгыш аймактарындагы өкүлү Сүйүн Жусубалиевдин демилгеси менен өтүп жатат.

Жолугушуу 27-ноябрь күнү Чита шаарынын борбордук мечитинде саат 17:30да, 28-ноябрь күнү Иркутск шаарынын борбордук мечитинде саат 19:00дө болот.

Бөлүшүү