Тажик окумуштууларынын тобу Варзоб капчыгайындагы бөксө тоолор менен Памирдин бийик чокуларындагы мөңгүлөрдө изилдөө иштерин жүргүзүп келишти. Учурда алынган маалыматтар анализденүүдө. Бул тууралуу 26-ноябрда өлкөнүн Мөңгүлөрдү изилдөө борборунун директору Абдулхамид Каюмов билдирди.
Анын айтымында, экспедиция июндан сентябрга чейин созулуп, окумуштуулар жалпысынан 3300 чакырым аралыкты (3000 чакырымды автоунаа, 3 чакырымды жөө) басып өтүшкөн.
Изилдөө Памирдеги «Орус географиялык коому» деп аталган мөңгүдө олуттуу өзгөрүүлөр бар экенин көрсөткөн. Окумуштуулар аянты 64 чарчы чакырымды, узундугу 24 чакырымды түзгөн Борбордук Памирдеги бул ири мөңгүдө глобалдык климаттык өзгөрүүлөрдүн кесепеттерин байкоого болорун, бул миңдеген адамдын жашоосуна терс таасирин тийгизиши мүмкүндүгүн белгилешти.
«Изилдөө тобу бул мөңгүнүн бетинде чоң көл пайда болгонун аныктады. Анын узундугу 200 метрди түзөт. Бул коркунучтуу, анткени суунун таасири менен мөңгүнүн жарымы ордунан жылып, Абдукаххор деңизинин оозун жаап калышы мүмкүн. Ал жарылып кетсе Вандж аймагынын калкын суу капташы ыктымал. Биз эми мөңгүлөрдүн абалын аралыктагы спутник башкаруусу менен көзөмөлдөп турабыз. Мөңгүлөрдүн көбүнө алардын кыймылын тактык менен көрсөткөн атайын станцияларды орнотуп келдик», — деди Каюмов.
Борбор Азиядагы мөңгүлөрдүн жарымына жакыны Тажикстандын аймагында жайгашкан. Өлкөдөгү мөңгүлөрдүн жалпы аянты 8,5 миң чарчы чакырымды түзөт.