Жалал-Абад шаарында кыздарды кыйнап иштеткен сойкукана аныкталды (Видео)

Автор -

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда кыз-келиндерди кыйнап иштеткен сойкукана табылды. Бул тууралуу Жалал-Абад милициясынын маалымат кызматынан билдиришти.

«Атайын ыкчам-тергөө тобу түзүлүп, 26-ноябрь күнү аталган жайга тинтүү жүргүзүлүп, бир топ далилдер менен сойкулук менен алектенген бир топ кыздарды жана иштетип жүргөн ээсин аныкташты», — деп айтылат маалыматта.

Аталган факты боюнча КРнын Кылмыш Жаза кодексинин 261-беренесине («Сойкулук жасоо үчүн жайларды уюштуруу же күтүү») ылайык кылмыш иши козголду.

«Алардын ичинен алгачкы тергөөгө берген көрсөтмөлөрүнө ылайык, жашыруун жайды уюштурган айым кыздарга жумуш таап берем деп алдап, аларды жер үйдөгү короодон эч жакка чыгарбастан камап алып, күн көрсөтпөй сойкулукка мажбурлап ошол жерде иштетип жүргөндүгүн билдиришти. Алардын арасынан 3 кыз кожойкелеринен жабыр тартып, ырайымсыз кордукка кабылгандыгын билдирип, облусттук милицияга арыз жазып тергөө иштери улантылып жатат», — деп билдиришти милициядан.

Учурда жабыр тарткан кыздар менен психологдор жумуш алып барууда.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү