Депутат: Окуу учурунда мобилдик телефон колдонууга тыюу салуу керек

Автор -

Бүгүн, 29-ноябрда Жогорку Кеңеште “Ар кыл маселелер” саатында мектептердин материалдык-техникалык базасын чыңдоо, мугалимдерге шарт түзүү маселелери көтөрүлдү.

Депутат Алмазбек Эргешов райондордон алыс жайгашкан мектептердин материалдык-техникалык базасы начар экендигин айтып, Аксы районундагы 65 мектепке анализ жүргүзүлгөндүгүн кошумчалады. Ошондой эле А.Эргешовдун айтымында, өлкө аймагындагы 453 айыл аймагынын 81% дотацияда. Бүгүнкү күндө айыл өкмөттөрүнүн жарыбаган бюджети мектеп, бала бакчалардын электр жарыгы, ремонту жана жылытуусуна кетет. Эл өкүлү бул чыгымдарды тиешелүү министрликтерге берүүнү караштыруу керек дейт.

Мугалимдер майрам күндөргө туш келген апта ичиндеги күндөрдө иштешпегени менен ал күндөрдүн окуу программасын окутуп жетиүүсү керек, бирок ага акча төлөнбөйт жана майрам күндөрүнө туш келген күндөр үчүн эмгек акы эсептелбейт. Депутат Сайдулла Нышанов бул жагдайды карап чыгуу зарылдыгын көтөрүп чыкты.

Баткен облусундагы Соң анклавындагы Д.Акматов атындагы мектепте 3 нөөмөт менен окутуу жүргүзүлөт. Мектептин жаңы имараты 7 жылдан бери бүтпөй келет. Ал эми Баткен районундагы Ак-Сай айылындагы Үч-Дөбө мектебинде башталгыч класстар үчүн гана курулган, чоң класстар коңшу айылга барып окуп келет. Кошумча имарат курулуп башталып, токтоп калган. Депутат Карамат Орозова Баткен аймагындагы мектеп курулуштарын бүткөрүүнү 2019-жылдын бюджетине киргизүүнү Өкмөттөн талап кылды.

Ушундай эле маселени депутат Закир Шарапов улап, Кадамжай районундагы Марказ айылындагы №53 мектебинин курулушун келерки жылдын титулдук тизмесине киргизүүнү Өкмөткө жолдоду. Маалыматка ылайык, бул мектеп 1971-жылы ашар жолу менен курулган, эми окууга жараксыз абалда.

Депутат Таалайбек Масабиров мектеп окуучуларынын окуу маалында мобилдик телефондорду колдонуусуна тыюу салып, мектепке киргенде өткөрүп берип, окуу бүткөн соң алгандай кылып шарт түзүү зарылдыгын (мектеп уставдарына өзгөртүүлөрдү киргизүү) тийиштүү министрликтин дарегине багыттады. Ал дүйнөлүк невропотологдордун смартфондор балдардын ден соолугуна кандай зыян келтире тургандыгы боюнча мисалдарды дагы келтирди.

Депутат Орозбек Алыбаев Панфилов районундагы Чалдыбар айыл өкмөтүнө караштуу Фрунзе айылында бала бакча жетишсиздигин көтөрүп чыкты. Мурдатан калган 2 бала бакчанын биринде 2 эсе бала көп. Ал эми экинчи бала бакча өз кезегинде Чек ара кызматына өткөрүлүп берилген. “Жергиликтүү эл бала бакчаны кайра өз максатына кайтарууну талап кылып жатат”.— дейт О.Алыбаев.