Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун алдын маалыматына ылайык, 2018-жылдын 5-декабрь күнү саат 16:11де Ысык-Көл облусунун аймагында очогунда күчү 2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Ак-Өлөң жана Орто-Токой айылдарында 2 баллга сезилген.
Алдын ала маалымат боюнча жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.