Ош шаарындагы ”Шамбала” ашканасынын кожоюндары малдын ичеги карындарынын калдыктарын жол жээгиндеги арыкка төгүп жатышканын журналист Феруза Ашимбаева видеого тартып алган.
Видео анын Facebook баракчасында кызуу талкууга алынды.
Кызыгы, журналист видеого тартып жаткан мезгилде, ашкананын кожоюндары уялуунун ордуна коркутууга өтүшкөндүгүн видеодон көрө алабыз.
Эмнеге тартып жатасың деп келин кызды колундагы карындын калдыктары менен шилтеп калганын тасмага түшүп калган.