Бурулайдын өлүмү үчүн айыпталып жаткан Марс Бөдөшев 20 жылга эркинен ажыратылды

Автор -

Бурулай Турдаалы кызынын өлүмү боюнча Бишкектин Свердлов райондук соту өкүм чыгарды.

Бурулайдын өлүмү үчүн айыпталып жаткан Марс Бөдөшев үй-мүлкүн конфискациялоо менен 20 жылга эркинен ажыратылды. Ошо менен бирге айыпталуучу Бурулайдын үй-бүлөсүнө 800 миң сом моралдык жана материалдык чыгым катары төлөп бериши керек.

Ал эми  Акмат Сеитов 7 жылга эркинен ажыратылды.

Эске салсак, Турдали кызы Бурулай 27-майда Жайыл районунун ички иштер башкармалыгынын имаратында өлтүрүлгөн.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү