Казакстан менен Өзбекстан жаңы автобус каттамын ачышты

Автор -

Казакстан менен Өзбекстан “Түркстан-Ташкент” багыты боюнча эл аралык автобус каттамын ачышты.

Жаңы автобус каттамын казакстандык “Бакдаулет Сервис” компаниясы жана өзбекстандык”Узавтотранс” агенттиги ишке ашырат.

Каттамдын жалпы узундугу – 335 чакырым. Жолдун узактыгы – 6 саат 40 мүнөт. Эки багыт боюнча күн сайын эки автобус жүрөт. Жол кире – 2000 теңге же 50 000 сум (6 доллардын тегереги).

“Түркстан- Ташкент” эл аралык автобус каттамынын ачылышы эки өлкө ортосунда туристтердин агымынын көбөйтүүгө, кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган.

Эки өлкө ортосунда 90-жылдардын ортосунан тарта автобус каттамдары болгон эмес. Бирок 2018-жылы Өзбекстан менен Казакстан “Ташкент-Шымкент”, “Ташкент-Алматы” багыты боюнча автоус жүргүзө баштаган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү