Бишкек шаарындагы «Манас» кинотеатрында VIII эл аралык “Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү” кинофестивалы 12синен-15-декабрга чейин өтөт. Бул тууралуу «SAAT.KG» агенттигине «Айтыш» коомдук фондунун директору Акжол Бекболотов билдирди.
Бул жылы маданий иш-чара улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнө арналат. Аталган фестиваль кинематографиянын мастери Талип Ибраимов менен профессор, кинорежиссер Артык Сүйүндүковдун жазуучу Чыңгыз Айтматов тууралуу тарткан тасма менен ачылат.
15-декабрга чейин уланчу иш-чаранын алкагында мастер-класстар өткөрүлөт. Жыйынтыгында “Мыкты режиссура”, “Калыстар тобунун атайын сыйлыгы”, “Көрүүчүлөрдүн сүймөнчүлүгү” номинациялары боюнча тасмалар тандалып алынат. Байге фонду — 500 миң сом.