Сокулук районунда мас киши кошунасын бычактап салды (фото)

Автор -
223

Сокулук районунда мас киши кошунасын бычактап салды. Бул тууралуу Чүй районунун ШИББ билдирди.

Маалыматка ылайык, окуя кечээ, 11-декабрда кечки саат 18:25тер чамасында Новопавловка айылындагы үйлөрдүн биринде болгон. Анда шектүү мас абалында аялы менен уруш чыгарган. Кошуналарына жаңжал угулуп тургандыктан, Б.Т. алар ымыркайы кичинекей экенин айтып, урушпоого чакырган. Ага жини келген шектүү  34 жаштагы И.У.  28 жаштагы Б.Т.ны көкүрөгүнө жана курсагына бычак сайган. Алган жараттарынан улам Б.Т каза болгон.

Аталган факт боюнча кылмыш иши козголду. Шектүү жаран камакка алынды. Тергөө жүрүп жатат.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү