Торкентте маданият үйү өрттөнүп, 11 700 даана китеп күйүп кетти (фото)

Автор -

Торкент  айылдык маданият үйүндөгү өрттүн чыгуу себептерин тактоо иштери жүргүзүлүүдө.

Маалыматка ылайык, 11-декабрынан 12-декабрга караган түнү саат 01:44 чамасында Өзгөчө кырдаалдар министрлигнин байланыш түйүнүнө Токтогул районуна караштуу Торкент айыл аймагынын Торкент айылынын Пахтахун көчөсүндө жайгашкан Торкент  айылдык маданият үйүндө өрт кырсыгы катталгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Кабар түшөөр замат  өрт өчүрүүгө 3 бөлүм тартылган.

Өрттүн кесепетинен болжол  менен 455 чарчы метр аянты күйгөн.

Маданият үйү 1948-жылы курулуп, дубалы кам кыштан, чатыры жыгач конструкциялардан тургузулган, 1 бөлмөсү китепкана (11 700 даана китеп болгон)  катары колдонулган, ичиндеги мүлктөрү толугу менен күйүп кеткен.

Учурда КР ӨКМнин Токтогул райондук өрткө каршы-күрөшүү жана куткаруу бөлүктүн жооптуу кызматкерлери тарабынан өрт катталган жерге өрттүн келип чыгуу себебин жана өрттөн келтирилген материалдык зыянын тактоодо.

Бөлүшүү