Кыргызстандык спортчулар жаа атуу боюнча эл аралык мелдеште 2 медаль тагынды

Автор -
218

Казакстандын Шымкент шаарында жаа атуу боюнча эл аралык мелдеш жыйынтыкталып, Кыргызстандык спортчулар байгелүү орундарга илиништи. Бул тууралуу Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттиги билдирди.

Аталган мелдеш кечээ, 11-декабрда жыйынтыкталган. Ага 10 өлкөдөн 180ден ашуун спортчу барып катышты. Мелдеш жаа атуу боюнча Бүткүл дүйнөлүк федерациясынын долбоорунун алкагында өткөн.

Мелдеште кадеттер арасында Айтурган Маматкулова алтын медалды тагынып, өспүрүмдөр арасындагы мелдеште Диана Канатбек кызы күмүш медалды тагынды.

undefinedundefinedundefined