Исхак Масалиев өкмөт башчынын кортежин сынга алды (Видео)

Автор -

ЖКнын жыйынында Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиевдин Жалал-Абадка болгон иш сапарында жолдорду тосуп, элди түйшүккө салганына эл өкүлү Исхак Масалиев нааразылыгын билдирди.

Депутаттын айтымында, өкмөт өкүлдөрү аймактарга маселе чечкени барганы менен, элдин жолун тосуп, нааразылык жаратууда.

“Сиз барганга чейин жолду тосуп, жарандарды өткөрбөй кармап туруп алганды токтотуш керек. Мен эстеп жатам, Турдакун Усубалиевич, Абсамат Масалиевич бир гана ГАИ менен жүрчү. Анда да айылдарга барганда эле. Сиздер барганда жолду тосуп коюп, эч жакка өткөрбөй койгонуңар абдан жаман нерсе”, – деди Масалиев.

Буга өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев «сын пикирлер эске алынат» деп жооп берди.

8-декабрь күнү Сузак районунда «өкмөт башчынын автоунаасы өтөт» деп жолду тосуп жаткан видео интернетке тарап, кызуу талкууга алынган.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү