Жасалма документтер аркылуу автоунаа ташуу менен алектенген уюшкан топ кармалды (Видео)

Автор -

Аткезчилик жол менен автотранспорт каражаттарын ташуу менен алектенген уюшкан топ кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топ жеке материалдык пайда көрүү үчүн бажы-мамлекеттик салыктарды төлөөдөн качып, андан сырткары уурдалган автоунааларды легалдаштыруу менен республиканын аймагында сатуу максатында автотранспорт каражаттарына мамлекеттик үлгүдөгү документтерди жасоо жана даярдоо (транспорт каражаттарына күбөлүк, техникалык паспорт жана башка документтер) менен алектенип келишкен. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын кызматкерлеринин ыкчам-издөө мүнөздөгү иштеринин жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аймагында Бажы союзуна кирген мамлекеттердин жасалма документтерин колдонуу менен баажы төлөмдөрүн төлөбөстөн 111 автотранспорт каражаттарын киргизишкени аныкталган. Бишкекте жүргүзүлгөн ыкчам издөө иш-чараларынын натыйжасында, мамлекеттик үлгүдөгү жасалма документтерди жасоо жана даярдоо менен алектенишкен сүрөт салондун ичинде жашыруун иш жүргүзүп келген жай табылган.

Топтолгон материалдардын негизинде Кыргыз Республикасынын ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 350-беренесинин 1,2,3,4,6-бөлүмдөрү (Болжолдуу сүйлөшүп алуу менен топтор документтерди, мамлекеттик сыйлыктарды, штамптарды, мөөрлөрдү, бланктарды колго жасоо, даярдоо, сатуу же алардын жасалмаларын пайдалануу) боюнча кылмыш ишин козгошкон. Алгачкы жүргүзүлгөн ыкчам-издөө жана тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгы тарабынан кылмыштуу топтун төрт мүчөсү кармалган. Шектүүлөрдү кармоо учурунда алардан мөөрлөр, бланкалар жана башка документтер табылган:

— Кыргыз Республикасынын жана КМШ өлкөлөрүнүн мамлекеттик органдарынын, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Мамлекеттик каттоо кызматынын 25 даана мөөрү, андан сырткары жеке нотариустардын бланкалары менен мөөрлөрү;

— Кыргыз Республикасынын Бажы кызматында катталгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн 16 даана анык бланкасы;

— Беларусия Республикасынын, Казакстан Республикасынын “Бажы кызматында катталгандыгы тууралуу күбөлүгүнөн 50дөн ашык” транспорт каражаттарына жасалган даяр бланкалар;

— Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынан өтүү тууралуу “Ак-Тилек” жана “Акжол” көзөмөлдөө-өткөрүүчү пунктунун мөөрү менен коштоп жүрүүчү кагаздары;

— Мамлекеттик үлгүдөгү жана КМШ өлкөлөрүнүн жасалма документтерин жасап даярдашкан компьютерлер менен принтерлер, андан сырткары 30 даана электрондук флеш-карталар.

Азыркы учурда аталган 111 транспорт каражаттарынын ичинен, соттун токтомунун негизинде 25 автоунаа айып пул төлөөчү жайга киргизилди. Табылып алынган автоунаалар боюнча ИИМдин Тергөө кызматы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 204, 350, 166 -беренелери (Аткезчилик, документтерди жасоо, алдамчылык) көрсөтүлгөн кылмыш курамдары боюнча кылмыш ишин козгошкон. Болжолдуу маалымат боюнча мамлекетке 100 миллион сомдук зыян алып келген.
Кошумча жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө коррупциялык фактылар аныкталып, ага Чүй облусунун Кемин району боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлеринин тиешеси бардыгы аныкталган. Жасалма документтер уюшкан кылмыштуу топтун мүчөрү тарабынан Бажы союзуна кирбеген өлкөлөрдөн, анын ичинен автоунааларды чыгыш Европадан ташып келүүгө колдонулган, бажы төлөмдөрүн төлөбөстөн чек арадан ташып келип жүрүшкөн.

Кыргызстанга алып келгенде мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларын жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлеринин жардамы аркылуу бажы төлөмдөрүн төлөбөй туруп Евразиялык эканомикалык союзга катуушучу өлкөлөрдүн жасалма документтери менен биринчи катоого коюшчу. ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын 3-башкармалыгынын маалыматы боюнча жасалма документтер жогорку сапаттуулугу менен айырмаланып, сырткы белгилери боюнча жасалма экендигин аныктоого мүмкүн эмес.

Жогорудагы фактылар боюнча, андан сырткары Мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин кызматкерлеринин мыйзамсыз иш-аракеттери боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокуратурасы Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексинин 304-беренесинин (Кызматтык абалын кыянаттык менен пайдалануу), 315-берененин (Кызматтык жасалмачылык) негизинде кылмыш иштерин козгошкон.

Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалдык милиция кызматынын Уюшкан кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгы жүргүзгөн ыкчам-тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө жогорудагы кылмыш иштерине шектүү катары Чүй облусунун Кемин району боюнча мамлекеттик каттоо кызматынын автоунааларды жана айдоочулук курамды каттоо департаментинин К.И. жана Ч.Ш. аттуу эки кызматкери кармалган.

Учурда коррупциялык кылмыштарга тиешеси бар кызмат адамдарын аныктоо боюнча тиешелүү иштер жүргүзүлүп жатат. Белгилүү болгондой, кармалган адамдардын ичинде мурда ушул сыяктуу мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, кылмыш жоопкерчилигине тартылгандар дагы бар болуп чыкты. Жогоруда көрсөтүлгөн кылмыштуу топтун катышуучуларын аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иштери жүрүп жатат.