Парламент экс-президенттерге кандайдыр бир статусту берүүгө тийиш эмес. Тилекке каршы, каралып жаткан мыйзам долбооруна өзгөртүү киргизүүгө аргасызбыз. Мыйзамдуубу же мыйзамсызбы ал башка маселе, биз Конституциялык палатанын чечимдерин аткарышууга милдеттүүбүз. Бул тууралуу депутат Курманкул Зулушев “КР Президентинин ишмердигинин кепилдиктери жөнүндө” КР мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору каралып жатканда билдирди.
“Мыйзамдын текстине көз жүгүртсөк, экс-президент абсолюттуу кол тийбестикке ээ экен, ал эми ойлонуп көрсөк, мындай ченем Конституциянын талаптарына каршы келет экен. Ошондон улам, ушундай чечим кабыл алынган”, — деди Конституциялык палатанын өкүлү.
Депутат Курманкул Зулушев Конституциялык палатанын чечимин эч кимдин талкуулоого акысы жок экенин белгиледи.
“Бирок мыйзам чыгаруу органдын өкүлү катары айтсам, Конституциялык палата өз ыйгарым укуктарынын чегинен чыгып кеткен. Экс-депутаттарга кандай статус берет, кандай ченемдерди кабыл алат, аны парламент өзү чечет. Конституциялык палата ал чечимдердин Конституцияга каршы келер-келбесин гана аныкташы керек”, — деди ал.