Ош шаарында таштандыдан ымыркайдын сөөгү табылды

Автор -

Ош шаарынын таштанды таштоочу жайынан коробканын ичинен ымыркайдын денеси табылды. Бул тууралуу Ош шаарынын Ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка ылайык, 13-декабрда болжол менен саат 14.40 чамасында ымыркай эркек баланын сөөгү табылган.

«Ымыркайдын сөөгүн ошол жерде алюминий таштандыларын чогултуп жүргөн лөлү тектүү аялдар таап алган. Алар полигондун кароолчусуна айтканда, кароолчу милицияга кабар берген. Ымыркайдын сөөгү картон кутуга салынып, үстү аялдардын ич кийими менен жабылып коюлган»,-деп айтылат маалыматта.

Учурда бул иш боюнча  экспертиза дайындалып, иликтөө жүрүп жатат.

Бөлүшүү