Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдык “Балаты” майрамына карата кароо-сынак жарыялады

Автор -
487

Ош шаарынын мэриясы жаңы жылдык “Балаты” майрамына карата шаар тургундары жана мекеме-ишканалар арасында кароо-сынактарды жарыялайт. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Сынак төмөнкү  категориялар боюнча өткөрүлөт:

  1. “Эң мыкты мамлекеттик мекеме-ишкананын жаңы жылдык жасалгасы”,
  2. “Эң мыкты жеке менчик мекеме ишкананын жаңы жылдык жасалгасы”,
  3. “Эң мыкты жаңы жылдык костюмдар” (шаар тургундары арасында),
  4. Эң мыкты чыгамачылык сынак” (шаар тургундары арасында. Монолог, көркөм окуу,  ыр).

Аталган кароо сынактар  31-декабрь күнү атайын түзүлгөн комиссия тарабынан каралып, жеңүүлүлөр аныкталат. Байгелүү орундардын ээлерине Ош шаарынын мэриясы тарабынан майрамдык салтанатта акчалай сыйлыктар тапшырылат.

Мамлекеттик жана жеке менчик мекеме-ишканалар конкурска катышуу үчүн шаардык мэриянын  Oshcity14@gmail.com почтасына табыштама калтыруусу керек. Ал эми шаар тургундары тарабынан өтүүчү сынактар 31-декабрь күнү борбордук аянттагы жаңы жылдык майрамда кароодон өтүп, жеңүүчүлөр жеринде аныкталат.

Каалоочулар үчүн байланыш телефону: (03222) 5-53-32.

Бөлүшүү