Кыргыз Республикасынын Улуттук илимдер академиясынын Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 2018-жылдын 16-декабрь күнү саат 19:20да Кыргызстан менен Тажикстандын чектешкен аймагында очогунда күчү 4 баллга жеткен жер титирөө катталган.
Жер титирөө Баткен облусунун Лейлек районунун Арка айылында 4 баллга, Достук айылында 3,5 баллга, Кулунду, Кайрагач айылдарында 3 баллга чейин сезилген.
Жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.