Ысык-Ата районундагы жол кырсыгында 4 адам каза болуп, айдоочу унаа менен күйүп кетти

Автор -

Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында (Красная-Речка айылы)  саат 16:25 чамасында “Фольксваген-Пассат” үлгүсүндөгү унаа менен “Тойота-Ипсум” үлгүсүндөгү унаа кагышып, Пассат унаасы толугу менен күйүп кеткен. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

Жол кырсыктын кесепетинен “Тойота-Ипсум”  унаасындагы 3 эркек киши жабыркап, 4 эркек киши каза болгон. Мындан сырткары “Фольксваген-Пассат” унаасынын айдоочусу каза болгон, жалпы 5 адам каза болгон.

Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Токмок шаардык №21 Аскерлештирилген өрт-куткаруу бөлүгунөн  4 куткаруучу, КР ӨКМнин Ысык-Ата райондук №4 Өрт-куткаруу бөлүмүнөн 1 бөлүм, ИИМ кызматкерлери жана медициналык тез жардам кызматынан 1 бригада тартылган.

Тартылган өрт-куткаруу бөлүмү тарабынан унаадан чыккан өрт өчүрүлгөн жана куткаруучулар унаада кыпчылып каза болгон адамдардын жансыз денелерин чыгарышып, ИИМ кызматкерлерине өткөрүп беришкен.

Жабыркаган 3 адам тез жардам кызматынын унаасында райондук ооруканага жеткирилген.

Ал эми каза болгондордун денелери ушул эле оорукананын өлүк сактоочу жайына жеткирилген.

Эгер ката тапсаңыз, сураныч, катаны белгилеп туруп, Ctrl+Enter баскычын басыңыз!

Бөлүшүү