Сооронбай Жээнбеков 19-декабрда Бишкектеги «Ала-Арча» мамлекеттик резиденциясындагы басма сөз жыйынын өткөрүп жатат. Жыйындын жүрүшүндө журналистердин «КСДП Атамбаевсиз» кыймылына «кандай тиешеӊиз бар» деген суроосуна «тиешем жок» деп жооп берди.
«2007-2010 жылдары КСДПнын башында биз турганбыз. Ошол кездеги эӊ күчтүү партиянын азыркы абалын көрүп менин да ичим ачышып жатат. Мындай акыбалга келгенин Жээнбековдон эмес башка жактан издеш керек»,-деп билдирди Жээнбеков.