Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолу жабылды

Автор -
539

«Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолуна болжол менен 20000 м3 кар көчкү түштү, унаа жолу аба-ырайы турукташканга чейин  жабылды»,-деп билдирди ӨКМдин басма сөз кызматы.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 20-декабрь  күнү  саат 09:30 чамасында алдын ала маалымат боюнча, Ош облусуунун Кара-Кулжа районунун Мырзаке-Кара-Кулжа-Алайкуу унаа жолунун 78-86-чакырым аралыгында (Тамчы тилкеси) ар жерден кар көчкү түшкөн.

Жалпы көлөмү болжол менен 20000 м3. Унаа жолду тазалоого №26 ЖТИден 1 бульдозер жана 2 жүктөгүч тартылган.

«Аталган унаа жол Кара-Кулжа РМАнын башчысы-акимдин 2018-жылдын 26-ноябрындагы №01/915 буйругунун негизинде, 19-декабрь күнү саат 17:00дөн тартып аба-ырайы турукташканга чейин убактылуу жабылган. Кошумча маалымат берилет»,-деп айтылат маалыматта.