Депутат: Кезинде кыргыз жерин саткан немелер азыр саясий аренага чыгып, президентке акыл үйрөтө баштады

Автор -

Кезинде Үзөӊгү-Кууш, Каркыра сындуу кыргыз жерин башка өлкөгө саткан немелер азыр арабызда баатыр жүрүшөт, саясий аренага чыгып, жаштардын башын айлантып, президентке айкыл үйрөтө баштады. Алар эл аныбызды унутуп калды дешти окшойт, биз кыргыз жерин сатууга демилге көтөргөн, макул болгон, добуш берген, кол койгон адамдарды эч качан эстен чыгарбай, көзгө сайып көрсөтүп турушубуз керек. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев Жогорку Кеӊеш жыйынында билдирди.

«Биз көптөгөн баатырларга эстелик орнотуп, көчөлөргө ысымын берип, эскерүү такталарын илип жүрөбүз, мындай нерселер элге чыккынчылык кылган немелерге карата да колдонулушу керек. Мындай адамдарды эстен чыгарбаш үчүн «Ала-Тоо» аянтына алардын аты-жөнү, кылган жосуну жазылган атайын такта орнотуу зарыл. Өкмөттүн акчасы жок болсо, аны мага тапшыргыла, жарандарыбыздын көмөгү менен ошондой эскертүү тактасын жасаса болот», — деди ал.

Бөлүшүү