УКМК Сапар Исаковдун Жээнбеков тууралуу айткандарына комментарий берди

Автор -
502

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети Сапар Исаковдун 18-декабрдагы баш коргоо чарасын өзгөртүү боюнча Бишкек шаардык сотунда өткөн сот жыйынында сүйлөгөн сөзүнө комментарий берди.

«Ар бир адам мыйзам чегинде пикирин билдирүүгө укугу бар. Бирок, ошол эле учурда жоопкерчиликти сезе билүү керек. Алсак, Бишкек шаарынын ЖЭБиндеги авария боюнча козголгон бир катар кылмыш иштеринин алкагында С.Исаков дагы фигурант катары камалган. Былтыркы жылы кыштын кыраан чилдесинде Бишкектеги ЖЭБ авариясынын кесепетин миңдеген шаар тургундары жон териси менен сезишти. Учурда кылмыш ишин тергөө мыйзам чегинде болуп, бардык чечимдер сот органдары тарабынан мыйзамдуу түрдө кабыл алынууда.

Ошол эле учурда белгилей кетсек, тергөөнүн иштеринин алкагында С.Исаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин далилдеген материалдар алынды. Аны менен катар анын башка да долбоорлордо мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандыгы боюнча далилдер бар. Бул фактылар боюнча да териштирүүлөр жүрүп жатат.

Өзүнүн мыйзамсыз иштери боюнча күнөөсүн билген соң, С.Исаков коомчулуктун көңүлүн башка нукка буруп, өзүн саясий куугунтукка кабылган адам катары сыпаттоо максатында, актануу сөздөрүн айтууда. Белгилей кетсек, С.Исаковго карата козголгон кылмыш ишинин материалдары жалпы коомчулукка маалым жана тергөөнүн жүрүшүндө эч кандай кысымдар болгон жок.

Ар бир процесске анын адвокаты да катышып, материалдар менен таанышууда. Ал эми тергөөнүн жыйынтыгында материалдар тиешелүү чечим кабыл алуу максатында башкы прокуратурага, андан ары сот органдарына жиберилет»,-деп билдирди УКМК.

Белгилей кетсек, буга чейин Сапар Исаков Сооронбай Жээнбеков менин процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган деп билдирген эле.

Сапар Исаков:Сооронбай Жээнбеков менин процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган