Кыргызстан менен Түркия расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарына пенсия төлөй баштайт

Автор -

Социалдык фонддун маалыматына караганда, келишимге ылайык, эки өлкө өз аймактарында расмий түрдө иштеген эмгек мигранттарынын эмгек стажысын таанып, пенсия төлөй баштайт.

«Мисалы, кыргыз жараны Түркияда 15 жыл иштесе, курагы жеткенде пенсия ала баштайт. Түркияда орточо пенсиянын өлчөмү 350 долларды түзөт. Иштеген адамдар Пенсиялык фондго эмгек акысынын 23 пайызын которуп турат. Пенсияга чыгуу курагы эркектер үчүн – 60 жаш, аялдар үчүн – 58 жаш», — деди Соцфонддун өкүлү.

Ушу тапта Түркияда 14,5 миӊ кыргыз жараны иштесе, Кыргызстанда 5,3 миӊ түрк жараны иштейт. Келишим ратификацияланып калса, Кыргызстан Түркияга жылына 10 млн сом которуп турууга тийиш.

Белгилей кетсек, Түштүк Корея менен да ушундай эле келишимди түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүүдө. Ал өлкөдө 15 миӊ кыргыз жараны эмгектенет, ал эми Кыргызстанда 250 корей жараны иштейт.

Бөлүшүү