КСДП: УКМК Сапар Исаковдун иши боюнча Кыргызстандын башын айландырууга аракет кылууда

Автор -

«УКМК Сапар Исаковдун иши боюнча Кыргызстандын калкынын башын айландырууга аракет кылууда»,-деп билдирди КСДП партиясынын маалымат кызматы.

«Биз, Сапар Жумакадырович Исаковдун партиялаштары, КР УКМКнын басма сөз кызматынын билдирүүсүндөгү КСДПнын Саясый кеңешинин мүчөсү, КРнын мурдакы премьер-министри Сапар Исаковдун иши боюнча фактылардын атайлап бурмалангандыгына кыжырыбыз кайнап турат.

УКМК  ЖЭБди модернизациялоо жана андагы «кесепети миңдеген шаардыктарга тийген» кыйроо кандайдыр бир даражада  өз ара байланышкан жана мында Исаков күнөөлүү деп билдирүү менен адамдарды алдоодо. Бирок Бишкек ЖЭБдеги кыйроо  анын эски бөлүгүндө болгону парламенттик комиссия тарабынан да, башка компетенттүү органдар тарабынан да аныкталган.

Бул жерде кимдин жеке күнөөсү бар, аны учурда Биринчи май соту териштирүүдө, бирок Сапар Исаков бул соттон соттолуучу катары да, ал тургай, күбө катары да өтпөйт. Кыйроого анын эч кандай тиешеси жок, ага мындай айып тагылган да эмес. Учурдагы жагдайда УКМКнын билдирүүсү кыйроо боюнча өтүп жаткан сотко түздөн түз кысым көрсөтүү катары бааланышы мүмкүн. ЖЭБди модернизациялоо менен кыйроону чогуу үйүп кароо — бул жөн эле Кыргызстандын калкынын башын айландырууга болгон аракет.

Мындай билдирүүлөр июнь айында Сапар Исаковго тагылган айыптын саясый жактан жүйөлөштүрүлгөнүн тастыктап турат. УКМКнын СИЗОсунда отурган мезгилден бери мурдагы премьер-министр менен бир жолу да кандайдыр бир тергөө амалдары жүргүзүлгөн эмес. Бул бир гана нерсени айтып турат — тергөөдө Сапар Исаковду күнөөлөй турган далилдер жок»,-деп айтылат маалыматта.

Белгилей кетсек, буга чейин Сапар Исаков Сооронбай Жээнбеков менин процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган деп билдирген эле.

Сапар Исаков:Сооронбай Жээнбеков менин процессимди өзүнүн жеке көзөмөлүнө алган

Сапар Исаковдун бул билдирүүсүнө УКМК; «Исаковдун коррупциялык иштерге катыштыгы бар экендигин далилдеген материалдар алынды. Аны менен катар анын башка да долбоорлордо мыйзамсыз иш аракеттерди жасагандыгы боюнча далилдер бар. Бул фактылар боюнча да териштирүүлөр жүрүп жатат»,-деп комментарий берген.

УКМК Сапар Исаковдун Жээнбеков тууралуу айткандарына комментарий берди