Өзбекстанда экстремисттердин «кара тизмеси» жоюлду

Автор -

Өзбекстандын Башкы прокуратурасы диний экстремизмге шектелген кишилердин “кара тизмеси” мындан ары болбой турганын билдирди.

Өзбекстан башкы прокурорунун орун басары Эркин Юлдашев 19-декабрда журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, “кара тизме” жоюлганын айтты. Анын билдиришинче, Өзбекстанда экстремизм менен күрөшүү ыкмасы өзгөрүүдө.

“Жакында экстремизмге каршы аракеттенүү жөнүндө кабыл алынган жаңы мыйзам терроризм жана экстремизм менен күрөшүү ыкмалары өзгөргөнүн көрсөтүүдө. Учурда профилактикага басым жасалууда”, – деди Эркин Юлдашев.

2017-жылы Өзбекстан президенти Мирзиёев экстремисттик топторго байланышы бар делген же аларга жаңылыштык менен кошулуп калган кишилердин “кара тизмеси” бар экенин расмий түрдө жарыялаган. Мамлекет башчысы күнөөсүн мойнуна алган жана өкүнгөн жарандарды бул тизмеден чийүүнү демилгелеген.

Шавкат Мирзиёев 8-декабрда Конституциянын 26 жылдыгына карата майрамдык билдирүү жасап, экстремисттик топтор менен байланышы бар делген 20 000 миң киши тизмеден чийилгенин жарыялаган.